Коом
Бишкекте дайынсыз жоголгон өспүрүм кыз эки жарым айдан кийин Чүйдөн табылды

Бишкекте дайынсыз жоголгон өспүрүм кыз Чүй облусунун аймагынан табылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук милициясынын маалымат кызматы билдирди.
Милиция кызматкерлери өспүрүм кыздын жүргөн жерин аныктап, аны ата-энесине аман-эсен өткөрүп беришти.
Эскерте кетсек, 2-мартта милицияга Д.З. аттуу аял кайрылып, кызы 16 жаштагы Сезим Боронова 28-февралда үйүнөн чыккан бойдон кайтып келбегенин билдирген.



