Нарын шаарынын аймагында «Өспүрүм. Эмгек» аталышындагы алдын алуу операциясы болду (ФОТО)

Нарын ШИИБнүн кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте Нарын шаарынын аймагында жайгашкан соода-түйүндөрү жана үй-тиричилигине керектүү буюмдарды саткан жайлар текшерилип, жаша жете электерди оор жумуштарда иштеши жана зыяндуу же кооптуу эмгек шарттары менен иштөө жаша жет электерге терс таасирин тийгизе тургандыгы тууралуу терең маалымат берилип, жумуш берүүчүлөргө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Өткөрүлгөн рейд учурунда унаа жуучу жайларында жашы жете электер 2 өспүрүм аныкталды. Мындан сырткары Нарын шаарынын аймагында жашы жете электердин эмгегин мыйзамсыз пайдалануу,алардын ичинен эң начар формадагы жумуштарда иштеген балдарды аныктоо жана алдын алуу жана ошондой эле жумуш берүүчүлөргө,ата-энелерге түшүндүрүлүп, рейддин жүрүшү Нарын облусунун медиа борбору аркылуу чагылдырылды.



Нарын ОИИБнин Басма сөз кызматы



