Маданият

“Манас айтып жатабы же арманын айтып жатабы!” Манасчы Рысбай Исаковго сындар айтылууда

Кыргызстандан чыгып кеткен манасчы Дөөлөт Сыдыков Түркиядагы Манас жумалыгында 3 күндөн бери Манас айтып жаткан Рысбай Исаковду сындады.

«3 күндөн бери Түркиянын Бурса шаарында Рысбай Исаковду Манас айттырып, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун жетекчиси Султан Раевдин башчылыгы менен Гиннесске Манасты каттатуу үчүн Теңгиз Бөлтүрүктөн 30 миң евро бөлдүрүп Гиннесске төлөп, адисти чакырып, болбой калса, жөн гана «Манас» жумалыгы Түркиянын Бурса шаарында өтөт кылышууда. Рысбай Исаков дарамети жетип айтып кетсе, Гиннесс рекорддор китебине киргизебиз деп турушат. Бирок арам ой менен жасаган иштери минтип ашмалтай болуп жатат.

Биз Гиннеске чоң акча төлөп, адис чакырбай эле, мамлекеттин эч бир колдоосу жок, бирок кезекти жылдап күтсөм дагы каралат деген позиция менен каттоо кезегин күтүп жүрөм. Рысбай Исаковго окшоп мамлекетти пайдаланып акырын арамданып кишинин артынан иш кылмак эмесмин. Манас атаны минтип бүт дүйнөгө шылдың кылган болбойт! Манасты минтип айтпайт! Эми бул айтып жатканын угуңуздар, Манас айтып жатабы же арманын айтып жатабы! Манасчылар жанында эмнени угуп жатасыңар же арманын угуп, кыйналганын көрүп айттырбай эле койбойсуңарбы! Манасчылык өнөрүнө, Манас деген атты түрк дүйнөсүнүн көзүнө шылдың кылып жатасыңар! Манаска арам эмес, адал иш кылыш керек да. Мени душман көрүп, улуттук чоң иштерди майдалап алдыңар. Манас айтуучулукка доо кетирип жатасыңар», — деп жазды ал.

Ал эми социалдык желелерде Рысбай Исаковго карата нааразычылыгын билдиргендердин саны арбып, КР маданият министри Азамат Жаманкулов, Түркияга чакырган Султан Раев да жооп берсин деген талаптар коюлууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button