
Нарын облусунун Ат-Башы районунда алты тоо эчкинин этин жүктөп келе жаткан браконьер кармалганын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, браконьерди 3-октябрга караган түнү саат 00:50дө Ат-Башы районундагы «Босого» экологиялык көзөмөл-өткөрүү пунктунан министрлик менен УКМКнын кызматкерлери колго түшүрүшкөн.



