Коом
Октябрдын аягында эски смартфондордон WhatsApp өчөт

24-октябрда WhatsApp мобилдик тиркемеси эскирген смартфондордо өчүрүлөт. Бул тууралуу WABetaInfo порталына таянып «Известия» басылмасы жазды.
«Тиркемени 2012-жылдын сентябрь айында чыгарылган iPhone 5 жана iPhone 5C телефондорунун ээлери колдоно албай калышат. Бул моделдер өндүрүштөн 2013-жылы жана 2015-жылдын сентябрь айында алып салынган. Эгер колдонуучу WhatsApp тиркемесин пайдаланууну кааласа, анда жаңысын алганы оң», — деп айтылат маалыматта.
Эгер колдонуучу iPhone телефонунун башка моделин көтөрүп жүрсө, анда iOS 12 же башка жаңы системаны көчүрүп алышы керектигин кошумчалашты.



