УКМК: Баңгизат каналын уюштурганы үчүн мурда издөөдө жүргөн ири баңги затын сатуучу кармалды

2022-жылдын 30-сентябрында Кыргыз Республикасынын УКМК жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында баңгизат каналын уюштургандыгы үчүн мурда издөөдө жүргөн ири баңги зат сатуучу Б.М.Ш. кармалды.
2017-жылы атайын операциянын жүрүшүндө, эл аралык баңги тобунун ишмердүүлүгү аныкталып бөгөт коюлган. Анын натыйжасында Ош облусунун 1964-жылы туулган тургуну Б.М.Ш. аттуу жарандын унаасы токтотулуп, унааны текшерүү учурунда жалпы салмагы 30 кг болгон «гашиш» баңгизаты табылып алынды.
Бирок, кармоо учурунда Б.М.Ш. белгисиз тарапка качып, бүгүнкү күнгө чейин кылмыш жоопкерчилигинен жашырынып келген.
Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык, Б.М.Ш. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Ош шаарындагы №5-жазаларды аткаруу кызматынын тергөө абагына камалды.
Азыркы учурда баңги топтун башка мүчөлөрүн аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп жатат.


