Коом
Мурду, кулагы кесилген Асел Ногойбаевага Стамбулда операция жасалат

Күйөөсүнөн зомбулук көргөн Асел Ногойбаевага Стамбулда операция жасалат. Бул тууралуу анын эжеси Диана Елькен “Репортер” маалымат булагына билдирген.
Анын айтымында, түрк клиникасы Асел Ногойбаеваны кабыл алууга даяр.
Белгилүү болгондой, быйыл 20-сентябрда Селекцияда эркек киши мурдагы аялын сабап, кулагын жана мурдун кесип салган. Шектүү катары 39 жаштагы Азамат Эстебесов аттуу жаран кармалган.
Аселдин операциясы үчүн акча топтолуп, атайын акциялар өткөрүлдү.



