Бишкекте дагы бир жаңы ипотекалык үйдүн курулушу башталды

Бишкек шаарында Волкова жана Кустанай көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы турак жай комплексинин курулушу башталды. Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев бүгүн жаңы турак жай комплекстин мезгил кутучасын салды.
Жердин жалпы аянты 12,80 гектарды түзүп бул жерге көп кабаттуу ипотекалык үйлөр курулат. Көп функционалдуу турак жай комлексинде 9 кабаттан турган 51 блок үйдүн курулушу каралып, батирлердин саны жалпы саны 2990.
Үйлөр курулуп бүткөндө «Менин үйүм 2021-2026» турак жай программасынын шарттарына ылайык ипотекага 15, 25 жылдык мөөнөткө берилмекчи.
Эске сала кетсек, өткөн жуманын соңунда Нарын облусунун Кочкор айылында жана Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында да ипотекалык үйлөрдүн мезгил кутучасы салынды.
Бүгүнкү күнү, республика боюнча 12 миңден ашык батирлүү көп кабаттуу турак үйлөр курулуп жатат. “Менин үйүм 2021-2026” программасынын алкагында өлкөбүздүн ар бир аймагында 16 миңден ашуун батирдин курулушу пландалууда.





