Коом

Бюджет 100 млн. сомдой зыян тарткан. УКМК Маммүлктөгү коррупцияны ачыктады

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунан коррупциялык иш аныкталганын кабарлады.

Ага ылайык, аталган мекемедеги жана мамлекеттик органдардагы жогорку кызмат адамдары мамлекеттик мүлктү узак мөөнөткө убактылуу пайдаланууга берип, бюджетке тиешелүү төлөм түшпөй калган. Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында бюджетке 100 миллион сомдон ашык суммадагы чыгым аныкталган.

Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 322-беренеси («Билип туруп пайдасыз контракт түзүү») жана 320-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Азыркы тапта мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча тиешелүү чаралар көрүлүп жатканы кошумчаланды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button