Коом

Кыргызстанга инвестиция жасайм деген эл аралык издөөдөдөгү кореялык кармалды

Ал Кыргызстандагы курулуш тармагына инвестиция кылам деген шылтоо менен 450 миң доллардан ашык акча алып, из жашырып кеткен.

Интерполдун Кыргызстандагы улуттук борбордук бюросу Кореянын эл аралык издөөдө жүргөн жаранын кармады. 

Ал 54 жаштагы Д.Г. экендиги белгилүү болду. Шектүүнү Кыргызстандан издөөнү Интерполдун Сеулдагы бюросу өтүнгөн.

«Маалыматка ылайык Д.Г. өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип Тэгу шаарынын полициясы тарабынан издөөгө алынган. Ал Кыргызстандагы курулуш иштерине инвестиция кылам деген шылтоо менен 450 миң долллардан ашык акча каражатын алып, из жашырып кеткен», — деп жазылат маалыматта.

Корея Республикасынын мыйзамдарына ылайык, мындай кылмыш үчүн адам 9 жылга эркинен ажыратылат.

Кармалган жаран тергөө органдарына өткөрүп берилди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button