Саясат

Исхак Масалиев качан атага тең уул болот?

Ыраматылык Апсамат Масалиевдин көзү тирүү болгондо, уулу Исхак Масалиевдин саясаттагы бүгүнкү кадамдары үчүн уялмак. Чек ара маселесинен пиар жасаган популистке айланганы үчүн балким, баласына айтчу сөзүн айтмак.

Тилекке каршы, кристаллдай таза, өзүнүн жүрүм-туруму, кылган иши менен үлгү болгон, артынан жалаң жакшы сөз ээрчиткен адамдын уулу бүгүн Мадумаровдун кол баласына айланды. Атасынан калган партияны эптей албай, Мадумаровдун партиясына эрмешип, депутат болуп шайланып, шебинин сөзүн сүйлөп, анын позициясын колдоп, жактаганга аргасыз болуп олтурат. Антпегенге  да айласы жок. Атасынын кадыры, аты менен эле саясатта келатканы болбосо, саясатта ал Текебаев айткандай «никто». Бүгүн Мадумаров болсо, эртең дагы башка саясатчынын «этегине» эрмешет.

Бүгүн чек ара маселесинде да Мадумаровдун позициясын жактап, Кемпир-Абад боюнча ар кайсыны айтып, элдин башын айландырууда. Мындай маселелер бир жактуу чечилбестигин, консенсуска келүү менен чечилерин жакшы билет. Андыктан маселеде бир жактуу болбой, калыс, акты ак, караны кара деген сөзүн айтса болмок. Саясатта кимдин этегине эрмешсе да, олуттуу маселелерде калыс болсо, атага тең уул болбойт беле.

Нурдин Кадыркулов

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button