Окуялар

УКМК: Жасалма доллар сатууга аракеттенген адамдар кармалды — ВИДЕО

Кыргыз Республикасыны УКМК республикага жасалма АКШ долларларын жеткирүү каналы аныкталып, бөгөт коюлду. Ушул жылдын 10-июнунда Бишкек шаарында 5 700 АКШ доллары өлчөмүндөгү жасалма банкноттордун партиясын сатууга аракет кылган А.С.А. жана С.У.С. аттуу Кыргыз Республикасынын жарандары кармалды. Ошол эле учурда бул адамдар криптовалюта (электрондук акча) сатып алууну көздөгөндүгү аныкталган.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту (Акчаны жана баалуу кагаздарды жасалмалоо) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, А.С.А. жана С.У.С. аттуу жарандар КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-97-беренелерине ылайык кармалып жана мындан аркы тергөө жана ыкчам иш-чараларды жүргүзүү үчүн КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button