
Биздин өлкөдө бөйрөк алмаштыруу боюнча операция 7 100 доллардан жасала баштайт. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Улан Садыков маалымат жыйын учурунда билдирди
Анын айтымында, бул — Борбор Азиядагы эң төмөн баа.
«Өлкөдө буга чейин деле бөйрөккө операция жасалып келген. Мен билгенден ушул убакытка чейин 54 адамдын бөйрөгү алмаштырылган. Бирок лабораториялык изилдөөлөр жаатында көйгөй бар болгондуктан, операция дайыма эле жасалчу эмес. Мындан улам бейтаптар чет жактан дарыланып келүүгө аргасыз болушчу. Бөйрөк алмаштыруу боюнча операциянын толук циклин өткөрүү үчүн жакында өлкөгө атайын жабдуу алып келинет. Ошондон баштап Кыргызстанда бөйрөк алмаштыруу боюнча операция 7 100 доллардан жасала баштайт. Бул бааны тиешелүү органдар койду», — деген ал.



