Инфаркт коркунучун 70-85 пайызга чейин азайтуучу алты жөнөкөй эреже

Миокард инфарктынын коркунучун 70-85 пайызга чейин азайтуу үчүн алты жөнөкөй эрежени сактоо керек. Бул тууралуу медицина илимдеринин кандидаты, кардиолог Зухра Салпагарова айтып берди.
Биринчи кезекте дарыгер жумасына кеминде 150 мүнөт физикалык активдүүлүк менен алектенүүгө чакырды. Анын айтымында, көчөдө тез басуу эле жетиштүү.
Экинчиден, Салпагарова белдин айланасын көзөмөлдөөнү сунуштады. Кардиологдун түшүндүрүшүнчө, инфаркт коркунучун азайтуу үчүн эркектерде белдин көлөмү 94 сантиметрден, аялдарда 80 сантиметрден ашпоого тийиш.
Дарыгердин үчүнчү кеңеши — толук кандуу уйку. Ал ден соолукка пайдалуу уйку күнүнө болжол менен жети-сегиз саат болушу керектигин белгиледи. Эгер адам алты сааттан аз уктаса, инфаркттын пайда болуу коркунучу 40 пайызга жогорулайт.
Жүрөк-кан тамыр ооруларынан сактануу үчүн дарыгер стрессти башкарууну да үйрөнүүгө кеңеш берди. «Өнөкөт стресс кан басымды жана организмдеги сезгенүүнү күчөтөт. Бул жүрөк кармоо коркунучун жогорулаткан факторлор. Стрессти жеңүүгө эмгек жана эс алуу режимин туура сактоо жардам берет», — деди ал.
Мындан тышкары, кардиолог дайыма медициналык текшерүүдөн өтүп турууга жана тамекиден баш тартууга чакырды. Анын айтымында, кадимки эле эмес, электрондук тамекилер да жүрөккө зыян келтирет.
«Жүрөктүн “жаштык формуласына” жаңы же өзгөчө нерсе кирбейт: үзгүлтүксүз кыймыл-аракет, белдин көлөмүн көзөмөлдөө, толук уйку, стрессти башкаруу, тамекиден баш тартуу жана жыл сайын текшерүүдөн өтүү. Бул ар бир адам аткара ала турган жөнөкөй жана баарына белгилүү эрежелер», — деп кошумчалады.


