Коом
«Аманат» кооперативинин жетекчиси кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБден маалымдайт.
Маалыматка ылайык, 22-сентябрда милицияга жаран кайрылып, «Аманат» кооперативинин жетекчилеринин бирине чара көрүүнү суранган. Экөө 4-январда келишим түзүп, унаа алууга 216 миң сом бергенин айткан. Ал акчаны алып, убадасына турган эмес.
Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип, 1982-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынды.



