Коом
Эскертүү! Электр энергиясын үнөмдөңүз!
Энергетиктер элди электр энергиясын үнөмдөөгө чакырат.
Алар өзгөчө саат 7:00дөн 9:00гө чейин жана 19:00дөн 21:00гө чейин үнөмдүү болууну сунуштап жатышат.
Бишкек шаары менен Чуй облусу боюнча суткалык керектөөлөр белгиленген лимиттен бир кыйла ашып кетти. Электр энергиясын керектөө режимин сактабаса авариялык кырдаал келип чыгышы мүмкүн.



