Коом
Эмне үчүн интернет үзгүлтүккө учурап жатат. Расмий жооп

Санариптик өнүктүрүү министрлиги интернет байланыштын маал-маалы менен үзгүлтүккө учурап жаткандыгына байланыштуу кайрылуу жасады.
«Азыркы тапта магистралдык линиялардын биринде авария орун алды. Ушуга байланыштуу интернет үзгүлтүккө учурап жатат. Азыркы маалда интернеттин толук кандуу иштешин камсыз кылуу боюнча оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп жатат, ошондой эле жакын арада интернет байланышы кайрадан калыбына келтирилет. Андан тышкары, интернет байланыш менен туруктуу негизде камсыз кылуу үчүн операторлорду резервдик каналдарга которуу иштери жүргүзүлүүдө»,- деп айтылат маалыматта.
Буга чейин кыргызстандыктар массалык түрдө интернеттин жоктугуна нааразы болуп жатышкан.



