Окуялар

Рита Карасартова Бишкектеги СИЗО-1ге эки айга камалды

Укук коргоочу Рита Карасартова Бишкектеги СИЗО-1ге эки айга киргизилген. Мындай чечимди бүгүн, 25-октябрда Биринчи Май райондук соту чыгарды.

Эске салсак, 23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүргүзүлүп, милицияга чакырылган жана 48 саатка камалышкан. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө амалдарын жүргүзүп жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button