Бөбөк күйүп калганда көрсөтүлүүчү биринчи жардам

Адистер дене күйгөндө медициналык майын, крем, тиш пастасын, өсүмдүк майын жана башкаларды сыйпаганга болбойт.
«Балдардын күйүп калуусунан этияттоо үчүн аларды отко жакындатпай, колуна ширеңке карматпай көңүл буруп караш керек. Бөбөктүн газ плита, кайнак суу, ысык тамак турган жактарга өтө албаганы жакшы. Ал үчүн коопсуздук шартын эске алуу өтө зарыл», — деп айтылат маалыматта.
Бала күйүп калса биринчи жардам кантип көрсөтүлөт?
Баланын кийими жалын болуп күйүп жатса дароо суу себиңиз же жууркан менен орой коюңуз;
Баланын күйүп калган денесин жакшылап карап чыгуу керек;
Колу же бутунун кичинекей бөлүгү күйсө агып жаткан муздак сууга 5-7 мүнөт муздатып, кармап туруу зарыл;
Таза, ным чүпүрөктү күйгөн жерге коюп, ошол жерди таңыңыз;
Баланын денеси күйүп калгандан кийин ага көбүрөөк суу, зарыл учурда парацетамол берүү сунушталат;
Зарыл болсо жүрөк-өпкө реанимациясын жасаңыз;
Баланын денесинин күйгөн жерине, жарааттын чоң-кичине, терең же терең эместигин жакшылап байкап, керек болсо аймактык оорукананын шашылыш жардам көрсөтүү бөлүмүнө жеткириңиз;
Эмнелерди жасоого болбойт?
суу толгон ыйлакчаларды жарганга;
күйгөн жерге медициналык майын, крем, тиш пастасын, өсүмдүк майын жана башкаларды сыйпаганга болбойт.



