Дүйнө

Казакстандын мурдагы коргоо министри Январь окуясына айыпталып кармалды

Казакстандын мурдагы коргоо министри Мурат Бектанов кармалды. Бул туурасында Sputnik Казакстан Башкы прокуратурага таянуу менен жазды.

Ал Кылмыш-жаза кодексинин 452-беренеси боюнча кызматтык аракетсиздикке айыпталып, сотко чейинки териштирүү жүрүп жатат.

Экс-министр кечээ, 20-февралда, кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Анын кылмыш иши январдагы башаламандыкка байланыштуу экени белгилүү болду.

Мурат Бектанов 19-январь күнү коргоо министри кызматынан бошотулуп, ордуна Руслан Жаксылыков дайындалган. Президент Касым-Жомарт Токаев ал керектүү убакта армия жөнөтө албагандыктан, жыйынтыгында коңшу өлкөлөрдөн жардам суроого аргасыз болгонун айткан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button