Окуялар
Журналист Семетей Талас уулу үй камагына чыкты

Бүгүн, 3-ноябрда журналист Семетей Талас уулу үй камагына чыкты. Мындай чечим анын баш коргоо чарасы каралып жатканда Биринчи Май райондук сотунда кабыл алынды.
Белгилей кетсек, 1-ноябрда Семетей Талас уулу милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, 48 саатка камакка алынган. Ал социалдык тармактагы баракчасына экстремисттик мазмундагы билдирүү калтырганын ИИМден кабарлашкан.
Ал эми журналист социалдык тармактагы баракчасына Афганистан тууралуу маалыматты капысынан чыгарганын, бир нече мүнөттөн кийин кайра өчүргөнүн билдирет.


