Коом

2025-жылы Кыргызстанда психикасынын жабыркашынан улам балдардын өз өмүрүнө кол салган 101 учуру катталган

Бул тууралуу №6 Үй-бүлөлүк медицина борборунун психиатры Борис Ли Sputnik агенттигинде өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, каргашанын көбү көйгөйдү убагында ачыктабагандыктан улам болот.

«Мисалы, эгер гастритти көпкө чейин дарылабаса, ал онкологияга айланып кетиши мүмкүн, кеч аныкталган дарттар да өтүшүп кетет. Психикасы жабыркагандар да ушундай эле болот», — деди дарыгер.

Психиатр маселенин экономикалык өңүтүнө да токтолду: психика жабыркаса калктын иштөө жөндөмү да төмөндөйт, бул — ИДПнын 0,4 пайызына тете жагдай.

«Оор психикалык илдеттер адамды үй-бүлө жана коомдун мүчөсү катары жашоосун кыйла чектеп коет», — деди Ли.

Тектеш кабарлар

Back to top button