Бишкекте кафелер менен маршруткалар олчойгон айыпка жыгылышты

Алар санитардык нормаларды бузгандыктан, Бишкек мэриясы кафелер менен маршруткаларга 2 миллиондон ашык сомго айып салган. Бул тууралуу муниципалитеттин пресс-кызматы билдирди.
Пресс кызматтын маалымдаганына караганда акимиаттардын ыкчам топтору, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөөчү борбор жана санитардык-экологиялык инспекция менен бирдикте, чарба жүрүгүзүп жаткан ар бир субъекти кыдырып, бизнесмендер менен түшүнүдүрүү иштерин жүрүгүзүшүп, ошондой эле коомдук унааны текшерип жатышат.
Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөөчү борбордун кызматкерлери санитардык норманы бузган 791 учурду таап чыгышты. Аларга салынган айыптын жалпы суммасы 1 миллион 289,5 миң сомду түздү.
«Бүгүнкү түндүн ичинде эле санитардык-экологиялык инспекция 34 кафе менен ресторанды кыдырып чыгып, санитардык норманы бузган 6 учурду таап, 27 миң сом айып салды», — деп айтышты мэриядан.
Маршруткалардын айдоочуларына карата 98 протокол түзүлүп, 98 миң сомго айып салынды. «Мындан сырткаары унаа менен ташуучу жеке менчик компанияларга дагы 9 протокол түзүлүп, 117 миң сомго айып салынды», — дешти муниципалитеттен.
Abal.kg



