Коом
Борбордогу 2 мектеп жана 2 бала бакчада жылуулук берүү токтотулду

Авариялык кырдаалдан улам Бишкекте бир катар мектептерде жана бала бакчаларда жылуулук берүү токтотулду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Борбор калаанын мэриясы № 65 жана № 39 мектепте , №173 жана № 75 бала бакчаларда жылуулук жок болуп жатканын билдирди. «Билим берүү мекемелеринде жылытуу системасы ишке киргенде авариялык кырдаал жаралган. Аталган уюмдарга жылуулук берүү токтотулган. Капиталдык курулуш башкармалыгы мыйзам чегинде тендерлерди ыкчам өткөрүп, подрядчылар менен келишимдерди түздү. Маселе муниципалитеттин жетекчилигинин көзөмөлүндө. Көйгөйлөрдү жоюуга чейин №65 мектеп онлайн окутууга өттү»,- деп айтылат маалыматта.



