Коом

Бишкектин гүлзарларына 160 миң жоогазын отургузулду

Быйыл  Бишкек шаарынын гүлзарларына жалпысынан 160 миң даана жоогазын гүлү отургузулду.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жоогазын гүлдөрү Жаштык аллеясына, Эмен паркына, Пушкин көчөсүнө Курманжан Датка эстелигинин жанына, А. Малдыбаев атындагы театрдын алдына, Абдрахманов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Жомок» гүлбакчага отургузулду.

Эске салсак, былтыр жазында борбордо 140 миң жоогазын гүлдөгөн.

Белгилей кетсек, жоогазындар гүлдөп бүтөрү менен, баштары кылдаттык менен казылып алынып, кургатылып, кийинки күздө кайрадан гүлзарларга отургузулат

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button