Окуялар

УКМК: Контрабандалык товар ташыган “Chevrolet Cobalt” үлгүсүндөгү эки унаа кармалды — ВИДЕО

2022-жылдын 10-ноябрында КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы тарабынан контрабандага каршы күрөшүүгө багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кадамжай районунун аймагынан 2 автоунаа кармалган.

Кадамжай районунун “Торговый” аймагынан «Chevrolet Cobalt» маркасындагы 2 унаа коңшу мамлекеттен алып чыгып келинген контрабандалык жүктү, жалпы салмагы 575 кг болгон кондитердик азыктарды түшүрүп жаткан жеринен кармалган.

https://youtu.be/GBBouhsBn2s

Чогултулган материалдар тиешелүү иш-чараларды жүргүзүү үчүн Баткен облусу боюнча Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button