Коом
Кандагы канттын деңгээлин акысыз билсеңиз болот. Дареги

Диабет менен күрөшүү күнүнө байланыштуу Бишкекте бүгүндөн тарта «Кандагы канттын деңгээлин билип ал» кампаниясы башталды. Бул тууралуу Республикалык ден соолукту чыңдоо борбору билдирди.
«Саамалык 14-15-ноябрда «Бишкек Парк» соода борборунда өтөт. Анда бардык каалоочулар саат 10:00дөн 13:00гө чейин кандагы канттын деңгээлин, кан басымын акысыз текшертип, эндокринологдон консультация алса болот», — деп айтышты.
Республикалык ден соолукту чыңдоо борбору канттын деңгээлин текшертүү үчүн анализ ачкарын алынарын эскертти.
Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда 74 810 адам диабет менен жабыркайт жана бейтаптардын саны жыл сайын 5-7 миңге көбөйүп турат.



