Коом
25-майга карата аба ырайы

25-май, дүйшөмбүдө, күндүз айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарында +23…+28, Талас жана Баткен аймактарында +22…+27, Ысык-Көл менен Нарын өрөөндөрүндө +16…21 градус жылуу болот.
Күндүн табы Бишкек жана Ош шаарларында +25…+27 градуска чейин жетет.



