Окуялар

УКМК: Ысык-Көлдө К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү деп шектелип, айылдык кеңештин төрагасы кармалды

Бул тууралуу УКМКнын Басма сөз борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, УКМК уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү жана аларды каржылоо каналдарына бөгөт коюу боюнча активдүү чараларды улантууда. Жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын натыйжасында , УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгы тарабынан маркум К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү – Ысык-Көл облусунун Ананьев айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы М.С.К. кылмышкерлердин колдоосун пайдаланып, Ананьев айыл аймагындагы 42 гектар айыл чарба жер аянтын, жергиликтүү бюджетке тиешелүү төлөмдөрдү төлөбөстөн жана укукту күбөлөндүрүүчү документтерди албастан мыйзамсыз пайдалангандыгы аныкталды.

Мындан улам, 2024-жылдын 28-мартында жер тилкесин мыйзамсыз басып алууну уюштурган жана ага жетекчилик кылган деген шек менен КР жараны М.С.К. УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалып, 2024-жылдын 29-мартында Каракол шаардык сотунун чечими менен Каракол шаарындагы №23 тергөө абагына 2 айга камакка алынды.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button