Коом
Кочкор районунда таштандыны кайра иштетүүчү завод жана тигүү цехи ишке кирди

Нарын облусунун Кочкор районундагы Кум-Дөбө айылында таштандыны кайра иштетүүчү завод ишке кирди.
Ишкананы ачуу аземине облустук жана райондук администрациялардын өкүлдөрү, аксакалдар жана жергиликтүү тургундар катышты. Завод 20 млн сомго курулуп, суткасына 4 тонна таштандыны кайра иштетүүгө жөндөмдүү.


Мындан тышкары, Кум-Дөбө айылында тигүүчү цех пайдаланууга берилип, анда 20 адам жумуш орундары менен камсыздалды. Жакынкы жылдары ата мекендик “Таза Мекеним” ишканасы 350 орундуу тигүү цехин ачууну пландоодо.



