Коом

БУУ Кыргызстанды өлүм жаза мыйзамын киргизүү аракетин токтотууга чакырды

Бүгүн, 21-октябрда БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссары Фолькер Тюрк Кыргызстанды өлүм жазасын кайра мыйзамдаштыруу аракетин токтотууга чакырды. Бул тууралуу БУУ расмий билдирүү таратты.

Комиссардын айтымына караганда, мындай кадам эл аралык укуктун олуттуу бузулушу болуп эсептелет. Ал эскерткендей, өлүм жазасына каршы Экинчи факультативдик протоколго кол коюп, аны ратификациялаган мамлекет катары Кыргызстан бул жаза түрүн мыйзамдык деңгээлде жойгон.

Кыргызстанда өлүм жазасы 1998-жылы токтотулуп, 2010-жылы Баш мыйзам аркылуу расмий тыюу салынган. Бирок сентябрь айында 17 жаштагы Айсулуунун өлтүрүлүшүнөн кийин, Конституцияга өзгөртүү киргизип, балдарды зордуктап, мыкаачылык менен өлтүргөндөргө өлүм жазасын калыбына келтирүү боюнча сунуштар коомдук талкууга коюлган.

Фолькер Тюрк мындай демилгелер өлкөнүн буга чейинки эл аралык милдеттенмелерине каршы келерин белгиледи:

“Өлүм жазасын кайтаруу — артка кайткан кадам. Эч бир сот системи 100% кынтыксыз эмес, күнөөсүз адамдардын өмүрү тобокелге салынат”,— деди ал.

БУУнун маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө дүйнөдөгү 170 мамлекет өлүм жазасын мыйзам жүзүндө же иш жүзүндө жойгон же мораторий киргизген.

Жогорку комиссар кыргыз бийлигин мындай сунуштан баш тартууга жана анын ордуна зомбулукка каршы натыйжалуу күрөш жүргүзүүгө, жабыркагандарга адилеттик жана компенсация камсыздоого чакырды.

Белгилей кетсек, өлкө башчысы Садыр Жапаров да буга чейин өлүм жазасын кайтаруу маселесин карап чыгууну тапшырган. Учурда бул маселе коомдук талкуудан өтүп, референдумга коюлушу мүмкүн.

Тектеш кабарлар

Back to top button