Коом

Ачык диалог — көйгөйлөрдү чечүү куралы

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын балдар иштери боюнча инспекциясынын демилгеси менен региондо «Бөбөк кечи» аталышында акция өтүүдө. Були ш-чарада облустук жана аймактык мамлекеттик органдардын жетекчилери орто мектептердин активисттери менен бирге жаштар чөйрөсүндөгү көйгөйлөрдү ачык диалог форматында талкуулашууда.

Бул жолу акциянын мейманы Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Айнура Султанбаева болду. Жолугушуу учурунда Каракол шаарынын орто мектептеринин активисттери келечектеги пландары менен гана бөлүшпөстөн, мектептердеги көйгөйлөр, жаштардын эс алуу, мектептеги тамак-аш жана жылуулук маселелерин, ошондой эле аларды кооптондуруп  жаткан башка көйгөйлөрдү да ачык айтышты.

Ачык диалог — жумушка орношуу, билим берүү, спорт, экология жана саламаттыкты сактоо маселелери, мектеп окуучуларына бүгүн эң актуалдуу экендигин көрсөттү. Өз кезегинде Айнура Султанбаева белгилегендей, бүгүнкү күндө аймакта татыктуу билим алуу үчүн жакшы шарттарды түзүү боюнча активдүү иштер жүргүзүлүүдө. Таланттуу жаштарды сыйлоо жана стимулдаштыруу үчүн ар кандай мамлекеттик программаларды ачуу пландаштырылууда.

Жолугушуунун аягында Айнура Султанбаева ачык диалогдун ар бир катышуучусуна Кыргыз мамлекеттик ишмери Жусуп Абдрахмановдун өмүр баяны тууралуу китеп тартуулады.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button