Бала кезде Д витамини жетишпесе, кийин аутоиммундук оорулар жаралышы мүмкүн

Макгилла университетинин окумуштуулары ушундай жыйынтыкка келишти: бала кезде Д витамининин жетишсиздиги кийин аутоиммундук оорулардын пайда болуу коркунучун жогорулатат.
Анда айтылгандай, Д витамининин жетишсиздиги тимустун эскиришин тездетет жана ал иммундук системанын ишинин бузулушуна алып келет.
Тимус — бул иммундук клеткалардын өнүгүшүндө башкы ролду ойнойт. Аларга организмдин өздүк ткандары менен патогендерди айрым таанууга жардам берет. Д жетишсиз болсо тимус эскирет дагы, иммунитет өздүк ткандарга чабуул жасай баштайт. бул 1-типтеги диабет сыяктуу аутоиммундук оорулардын жаралуу коркунучун көбөйтөт.
Д витамининин кошумча кабыл алуу узак убакыт кыш мезгили орун алган аймактардын жашоочулары үчүн маанилүү. Мында күндүн нуру организмдеги Д витаминин өндүрүүгө жардам бербейт.
Окумуштуулар Д витамининин адамдын тимусуна тийгизчү таасирин дагы изилдешет. Алар белгилегендей, мындан аркы изилдөөлөр аутоиммундук ооруларды Д витаминин өз деңгээлинде кармоо менен алдын алуу боюнча жаңы стратегияларды иштеп чыгууга алып келет.



