Дүйнө

2022-жылы дүйнөдө камалган жана каза болгон журналисттердин саны өстү. Статистика

Үстүбуздөгү жылы  дүйнөдө 57 журналист жана медиа кызматкери набыт болгон. 65и барымтада, 49у дайынсыз жоголгон, 2022-жылдын 1-декабрына карата 533ү камакта (рекорддук сан) болгон. Бул тууралуу “Чек арасыз кабарчылар” уюмунун жылдык баяндамасында айтылат.

Өлгөн журналисттердин саны өсүүдө: 2021-жылы алардын саны 48, 2020-жылы — 50 болгон. Өлгөндөрдүн 35% аскердик кагылышуулардын зоналарында болгондуктан, Украинадагы согуш өсүү себептеринин бири болуп саналат. Эң кооптуу өлкөлөр Мексика (11 өлүм), Украина (8), Гаити (6), Бразилия, Йемен жана Сирия (ар бири 3төн каза болгон).

Учурда абакта отурган журналисттердин саны көбөйүүдө. 2021-жылы алардын саны 20%га, ал эми 2022-жылы дээрлик 14%га өскөн. Камактагы журналисттердин 40%дан азы расмий түрдө соттолгон. Кытай журналисттер үчүн эң чоң түрмө (110), андан кийин Мьянма (62 журналист) жана Иран (47) турат. Орусияда темир тор артында кеминде 18 журналист отурса, алардын сегизи аннексияланган Крымда камакка алынган украиналыктар.

Барымтачылардын абалы жакшыра элек. Барымтага алынган журналисттердин көбү Сирияда (42 адам), 11ден Йемен менен Иракта. Барымтадагылардын саны жыл ичинде өзгөргөн жок, бирок кээ бир иштер кайра классификацияланып, Йеменде барымтага алынгандардын айрымдары бошотулган.

Эки журналист дайынсыз болууда. 50 жылдын ичинде эле 49 журналист жоголгон.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button