Спорт
Бүгүн “Мурас” достук турниринин экинчи оюн күнү өтүүдө
Бүгүн, 15-декабрда салтка айланган “Мурас” достук турниринин экинчи оюн күнү өтүүдө.
Тайпалык этаптын жыйынтыгы боюнча жарыяланган 16 команданын сегизи турнирдин 1/4, жарым финал жана финалына өттү. Алардын арасында «Президенттин командасы», «Спорттук федерациялар», «Достук», «Элчилер», «Спорт жылдыздары», «Ыйман», «Коопсуздук», «Ден-соолук» бар.
Оюндарды КТРК Спорт телеканалы түз алып көрсөтөт.
Түз эфирдин башталышы: 15-декабрь саат 10.00
Беттештер “Газпром — балдарга” спорт комплексинде өтүүдө.
Кирүү өздүгүңүздү тастыктаган документ менен акысыз.



