Коом
Баткенде өзгөчөлөнгөн таш жолдор салынып жатат

Баткенде уникалдуу таш жол салынууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Баткен районундагы Кара-Бак айыл аймагынын Дөбө айылындагы ички көчөлөрдүн тротуарлары менен жолдун тилкесин табигый таш менен төшөө боюнча пилоттук долбоор ишке ашырылып жатат.
“Жалпылап айтканда, жолдун таш төшөлмөсүн куруу боюнча пилоттук долбоор оң натыйжа берсе, жолдун бир бөлүгүн табигый таш менен төшөө ыкмасы Улуттук долбоор катары каралып, өлкө боюнча киргизилет”, – деп жазылат маалыматта.



