Коом

Шайлоо-2025: Өлкөдө шайлоочулардын саны белгилүү болду

Кыргызстанда шайлоочулардын саны 4 миллион 237 миң адамды түзөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Айдана Жупуева «Биринчи Радиого» берген маегинде айтты.

Анын маалыматына караганда, добуш берүүчүлөрдүн санына жараша округдар бөлүнөт. Бир шайлоо округунда 140-142 миң адам болушу мүмкүн.

Айдана Жупуеванын айтымында шайлоо ушул жылдын 30-ноябрында өтөрүн, анда «бир шайлоочу — бир добуш» берерин кошумчалады.

Эскерте кетсек, парламенттин 25-сентябрдагы жыйынында Жогорку Кеңештин өзүн-өзү таркатуусу боюнча чечим кабыл алынды. Аталган сунушту 32 депутат демилгелеген.

Тектеш кабарлар

Back to top button