УКМК: Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү опузалап талап кылуу фактысы боюнча кармалды — ВИДЕО

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүмүндө (“Опузалап талап кылуу”) каралган кылмыш белгилеринин негизинде козголгон кылмыш ишинин материалдарынын алкагында К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, мурда КР ЮМ караштуу ЖАКтын түзөтүү мекемелеринин биринде жаза өтөп жаткан мезгилинде “положенец” деп эсептелген КР жараны Я.К. кармалып, №1-тергөө камак жайына киргизилди. Ал кылмыш жазасын өтөп жаткан чет элдик жарандан опузалап акча талап кылган.
Белгилей кетсек, Я.К. кармоо учурунда жалпы салмагы болжол менен 60 граммды түзгөн “гашиш” баңгизаты табылган, ушуга байланыштуу, мындан аркы тиешелүү иш-чараларды жүргүзүү үчүн жана өз ара аракеттенүүнүн алкагында бул факты КР ИИМнын Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.
Учурда КР УКМК тарабынан тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп, кылмышка шектүүнүн башка мыйзамсыз иштерге катышуусу бар экендиги аныкталууда, — деп билдирди аталган мекеменин Басма сөз кызматынан.



