Коом
Транспорт министрлиги Заречная айылындагы көпүрөнү бир түндө оңдоду

Камчыбек Ташиев сөккөндөн кийин Чүйдүн Заречная айылындагы көпүрд бир түндө оңдолуп бүттү.
Бүгүн ал жерден унаалар өтүп жатат. Көпүрөнүн узундугу 23, туурасы 13 метр.
Кечээ Камчыбек Ташиев транспорт министрине көпүрөнү түнү менен оңдоого тапшырма берген видеосу тараган эле.



