Коом

Нарын районунун Жалгыз-Терек айылында жаңы ФАП ачылды

Кечээ, 23-декабрда Нарын районунун Жалгыз-Терек айылында Акматова Алтын атындагы фельдшердик-акушердин пунктун курулуш иштери бүтүп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ФАПтын ачылыш аземине Нарын районунун акими Нуридин Мадимаров, Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борбору, мекеме — ишканалардын жетекчилери жана айыл тургундары катышты.

Белгиленгендей, имараттын курулуш иштери 2021-жылы башталып, ал «Катар» кайрымдуулук уюму тарабынан каржыланып, бүткөрүлдү. Ошондой эле ушул уюм тарабынан ФАПтын ичине эмеректер сатылып алынган. Жалпы сметалык баасы 4 млн 300 428 сомду түзөт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button