Коом
Төрт күндө 258 мас айдоочу кармалды. Кыргызстанда «Бахус» рейди өтүүдө

Кыргызстандын аймагында өтүп жаткан “Бахус” рейдинин алкагында төрт күндө 258 мас айдоочу аныкталган. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 20нан 24-декабрга чейин инспекторлор тарабынан 258 мас айдоочу аныкталып, аларга тиешелүү чаралар көрүлгөн. Мындай рейддик иш-чаралар 8-январга чейин уланат.
ЖКККББ мас абалында унаа башкарган, автоээнбаштык жасаган жана жол эрежесин одоно бузган айдоочуларга карата текшерүү көзөмөлдөө боюнча рейддик иш-чаралар күчөтүлөрүн эскертет.



