Окуялар

Ысык-Көл ОИИБ Караколдо туристтик автобустун жолун тоскондор тууралуу маалымат берди

Бүгүн айрым ЖМКларда Каракол шаарында туристтик маршрут боюнча каттай баштаган автобусту жарым сааттан ашык жолун тоскондугу тууралуу маалымат жарыяланды.

Буга байланыштуу Ысык — Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы төмөнкүлөрдү билдирет:27 декабрь күнү болжол менен саат 09:55 чамасында Каракол ШИИБдин 102 кызматына телефон аркылуу маалымат түшүп, анда Каракол шаардын Гебзе жана Пржевальск көчөлөрүнүн кесилишинде бир катар адамдар чогулуп, ызы-чуу кылып жатканы маалымдалган.

Аталган маалымат Каракол ШИИБдин маалымат электрондук журналына катталып, окуя болгон жерге шаардык милициянын тергөө-ыкчам тобу кечиктирилгис жөнөтүлгөн.

Тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге барганда,  аталган көчөлөрүнүн кесилишинде жалпы 10 чакты кичи атобустардын айдоочулары 08KG198ABI мамлекеттик номурлуу автобусту тегерептеп токтотуп турушканы аныкталган. Чогулгандардын айтымында, аталган автобус Каракол-Бишкек каттамы боюнча элдерди мыйзамсыз ар кайсы жерден чогултуп ташып иштеп, өздөрүнүн мыйзамдуу иштеп жаткан жумушуна жолтоо болуп жатышканын билдиришкен.

Ал эми каттамга чыккан автобустун өкүлү, “GOBUS» ЖЧКнын башкы директору катары өзүн тавныштырган Бишкек шаарынын 52 жаштагы Ж.Б., аталган каттамды мыйзам чегинде күбөлүк алып, туризмди өнүктүрүү максатында ачышкандыгын жана билеттерди социалдык тармактар аркылуу кардарларга онлайн режимде сатып иштеп жатышканын айткан.

Жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чаралардын натыйжасында, «GOBUS» ЖЧКга тиешелүү болгон автобус жүргүнчүлөрү менен Каракол шаарынан Бишкек шаарына тоскоолсуз жөнөп кетти. Кандайдыр бир укук бузууга жол берилген жок.

Учурда катталган маалымат боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат, — деп билдирди Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button