Коом
Бүгүн Бишкектин борбордук бөлүгүндө суу өчүрүлөт

Бишкектин борбордук бөлүгүндө бүгүн, 10-майда таза суу жок болот. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Суу саат 09:00дон 17:00го чейин шаардын Киев – Абдрахманов – Шопоков – Фрунзе көчөлөрү менен чектелген бөлүгүндө өчүрүлөт. Ал «Бишкексууканал» ишканасы жүргүзө турган оңдоо иштери менен байланыштуу.



