Коом

2023-жылы кичи жана орто бизнести колдоого бюджеттен 2 млрд сом багытталат

2022-жылы Финансы министрлиги чакан жана орто бизнести колдоо долбоорунун алкагында коммерциялык банктарга 1 млрд 756 млн сом бөлгөн.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, ишкерлерге 1 млн сомдон 3 млн сомго чейин пайызсыз кредиттер берилип жатат.

«Бүгүнкү күндө 4 миңден ашуун ишкер үстөксүз насыя алышты. Долбоор алкагында 2023-жылы кичи жана орто бизнести колдоого 2 млрд сом багытталат», — деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button