Коом
Султанбай Айжигитовдун ордуна 30 жаштагы Табылды Муратбеков депутат болуп келди

Чечим бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумунда кабыл алынды.
“Ыйман нуру” партиясынан талапкер Муратбеков 1994-жылдын 10-ноябрында Ысык-Көл облусунун Түп районунда туулган. Жогорку билимдүү.
2020-2021-жылдары өкмөттүн Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жардамчысы, андан кийин Региондорду өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин жетектөөчү адиси болуп иштеген.



