Окуялар
ВИДЕО: Жети-Өгүздө мыйзамсыз балык уулаган жаран кармалды

16-январда Ысык-Көлдө браконьерликке каршы күрөштүн алкагында Жети-Өгүз районунун жээгинде рейддик иш-чара өткөрүлдү.
Рейд учурунда Ысык-Көл облустук ОИИБдин туристтик-экологиялык милициясынын кызматкерлери тарабынан көлдөн мыйзамсыз балык кармагандыгы үчүн Ак-Терек айылынын 33 жаштагы тургуну С.Т. кармалган.
Далил катары кармалган жарандан бир кайык, узундугу болжол менен 80 метрди түзгөн синтетикалык балык кармоочу тор, ошондой эле мыйзамсыз кармалган 1 даана сига-лудога жана 4 даана форель балыктары алынган.
Аталган факт Жети-Өгүз РИИБдин маалымат электрондук журналына катталып, юридикалык баа берүү үчүн материалдар райондук милициянын тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.
Учурда текшерүү иштери жүрүп жатат.



