Каракол шаарында «Батирдик-ууру» рейди өтүп, ууруга шектүүлөр кармалды — ФОТО
Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында батирдик уурдоо фактыларынын алдын алуу максатында «Батирдик-ууру» аталышында рейди өтүүдө.
Рейддин жүрүшүндө Каракол ШИИБдин 60тан ашык милиция кызматкерлери мурда соттолгон жана каттоодо турган жарандарды текшерүүдө. Шаардын маршруттарында милициянын кайгуул-күзөт кызматынын иши күчөтүлүүдө. Ошондой эле, милиционерлер жергиликтүү тургундар менен кезигип, профилактикалык иштерди өткөрүп, аларга узак убакыт жок болгон учурда өз батирлерин жана үйлөрүн текшерип турууну эскертишүүдө. Мындан тышкары, милиционерлер турак-жай комитеттеринин администрацияларынын өкүлдөрү менен маектешип, аларга видеобайкоо камераларын орнотуу зарылдыгын билдиришти.
17-январда «Батирдик-ууру» рейдинин жүрүшүндө Ысык-Көл ОИИБ милициянын кайгуул-күзөт кызматынын кызматкерлери Жети-Өгүз районунун тургунунун уюлдук телефонун уурдаган Каракол шаарынын 36 жаштагы тургуну М.А. изин суутпай кармоого жетише алышты.
Ошол эле күнү Каракол ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан мурда катталган уурдоо фактысынын 2 учурунун бети ачылды. Алар тарабынан облустук борборунда жайгашкан аэропортунан радиостанциянын тутумдук блогун уурдагандыгы үчүн 20 жаштагы жергиликтүү тургун К.В. кармалса, ал эми жергиликтүү тургунга таандык автоунаадан буюмдарды уурдагандыгы үчүн 21 жаштагы Каракол шаарынын тургуну Д.Ы. кармалган.
Кармалган шектүүлөрдүн баары тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.
Каракол шаарынын ички иштер бөлүмү кылмышка кокусунан күбө болгон жарандарды милицияга билдирүүнү, же болбосо 0703332166, 102 байланыш телефондоруна кабарлап коюуну чакырат. Анонимдүүлүк жана купуялуулук кепилденет.






