Мамкызматкерлер ККМ чек чогултууга милдеттендирилди

Жөнөкөй кызматкер айына сатып алуудан берилген 10 миң, жетекчилер 15 миң сомдон кем эмес суммадагы чектерди жыйнашы керек. Айдын аягында чектер Салык кызматына берилет.
Министрлер кабинети ушундай тапшырма берилгенин тастыктады.
Бийликтин мындай чарасы — элге чек талап кылууга, ал эми ишкерлерге ККМ колдонууга стимул берүү.
Министрлер кабинетинен эмне үчүн мамлекеттик кызматкерлерди 10 миң сом жана андан өйдө суммадагы чекти жыйноого мажбурлагандыгын айтып беришти.
Бул салык реформасынын алкагында көмүскө экономика менен күрөшүү үчүн жасалып жатат деп түшүндүрүштү.
“Бул чара мамлекеттик кызматкерлердин финансылык абалына таасирин тийгизбейт, чектерди алуу үчүн гана жасалган иш. Бюджеттик мекемелерде иштегендер эл үчүн өрнөк болушу керек”, — дешти министрлер кабинетинен.
@Sputnik_Kyrgyzstan_KG



