Коом

Самат Курманкулов Орусияга дарылануу үчүн учуп кетти

Чүй ОИИБдин мурдагы башчысы, Кой-Таш окуясынан жапа чеккен генерал-майор Самат Курманкулов Москва шаарындагы калыбына келтирүү борборуна дарыланганы кетти. Бул тууралуу депутат Жеңишбек Токторбаев билдирди.

«Эсен-аман жетип, жакшы дарыланып келсин. Кудайым шыпаа берип, батыраак сакайып кетсин»,— деп жазды ал.

2019-жылдын 7-августунда Кой-Таш айылында болгон окуяда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Самат Курманкулов башынан жаракат алган. Ооруканада комага түшүп, ага 2 жолу операция жасалган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button