Коом

Бишкектин четиндеги 3 миллион сомдук газ түтүктөрүн уурдап кеткендер кармалды — ФОТО

Аламүдүн районунда өзгөчө ири өлчөмдө уурулук кылууга шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 13-мартта «Газпром Кыргызстан» ЖЧКнын жетекчилиги милицияга кайрылып, 23-25-февралда Мыкан жана Садовое айылдарынын ортосунда жер алдына көмүлгөн газ трубаларын уурдап кеткен белгисиз адамдарга карата чара көрүп берүүнү өтүнгөн. Келтирилген чыгым 2 млн 970 миң сомду түзгөн.

Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин «Уурулук» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Ошентип, милиция кызматкерлери тарабынан шектүүлөр аныкталган, алар 1986-жылы туулган Х.Р., 1981-жылы туулган Ы.Д. болушкан. Алар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button